Мындан 59 жыл мурун, 1958-жылы 21-апрелде АКШнын Лас-Вегас шаарына жакын жерде жүргүнчү ташуучу DC-7 учагы менен машыгуу учуусунда жүргөн F-100F аскердик учагы сүзүшкөн. Натыйжада DC-7 учагындагы 47 киши, аскердик учактагы 2 киши көз жумган. Лос-Анжелес - Денвер - Канзас-Сити - Вашингтон - Нью-Йорк каттамын аткарып жаткан жүргүнчү ташуучу учак аба майданынан учуп чыкканынан 1 саат өткөн соң кырсыкка кабылган. Кырсык экипаж мүчөлөрүнүн катасынан улам келип чыккан.
21-апрелге карата жылнаама.