Манасчы Замирбек Баялиев бүгүн 37 жашка толду. Ал 1980-жылы 21-апрелде Талас районуна караштуу Манас айылында туулган. Бардык манасчылар сыяктуу Замирбек Баялиев кичине кезинде аян түштөрдү көрүп, 15 жашынан тартып "Манас" айта баштаган. 2004-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Ал республикалык "Эл ичи - өнөр кенчи" сынагын жеңип, 2005-жылы Саякбай Каралаев атындагы алтын төш белгинин ээси болгон. Ал эми 2010-жылы Түркиянын Кипр шаарында өткөн "Коркут-Ата жана келечекке түрк дастандары" фестивалынын лауреаты болгон.
2013-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланган. 2015-жылы июнь айында Замирбек Баялиев Якутияда өткөн эл аралык форумга катышып, биринчи орунду багындырган. Финалда ал 20 миң элдин алдында "Манас" айткан. Ошондой эле 2016-жылдын июль айында Якутияда өткөн "ЮНЕСКО шедеврлеринин жолугушуусу Олонхо жеринде" эл аралык фестивалына Кыргыз мамлекетинин атынан катышкан.
21-апрелге карата жылнаама.