Мурдагы Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров боюнча сот иши 23-майга жылдырылганын Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Сабиров боюнча ишти Жогорку Сот бүгүн, 8-майда карамак. Бирок анын жактоочусу Икрамидин Айткулов иш сапары менен жүргөндүгүнө байланыштуу сот процессине катыша албастыгын айтып, отурумду башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн билдирген. Эске салсак, Равшан Сабиров 2012-жылы жардамчысы менен “чет өлкөлүк бала багып алуучу уюмдан пара алган” деген шек менен айыпталып келген. Алгач райондук сот аны күнөөсүз деп таап, кийин 7-мартта шаардык сот 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ал эми пара алуу ишине катышкан жардамчысы Тахир Мирзахмедовду 3 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыккан.