Футбол боюнча жаштар арасындагы улуттук курама Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарында Бахрейн, Оман, БАЭ жана Непал менен ойнойт

Бүгүн, 21-апрелде 19 жашка чейинки улуттук курама команда Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарында беттеше турган командалары аныкталды. Куала-Лумпурда өткөн чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргыз өлкөсү “А” тайпасына бөлүндү. Бул тууралуу АФКнын сайтына жарыяланды.

Маалым болгондой, тандап алуу оюндарына жалпы 43 команда катышат. Алар батыш жана чыгыш зоналарына бөлүндү. Батыш зонасына бөлүнгөн Кыргыз өлкөсү “А” тайпасында Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Оман жана Непал менен кез келет. Оюндар 2017-жылдын 31-октябрынан 8-ноябрына чейин Бишкекте өтөт.

Азия чемпиондугунун финалдык этабына тайпанын жеңүүчүлөрү жана көрсөткүчтөрү мыкты болгон 2-орунду алган 5 команда чыгат.

Ошондой эле уландар арасындагы (16 жашка чейинки) Азия чемпиондугунун тандап алуу оюндарында Кыргыз өлкөсү “D” тайпасында Иран, Ооганстан, Ливан жана Бутан командалары менен күч сынайт. Аталган оюндар 16-24-сентябрда Иранда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat.97
2017-04-21 17:19:18
Оман курамасы кучтуу калганы менен ойносо болот.Ийгилик оюнчуларыбызга.Алга Кыргызстан!!!
+1
uran98
2017-04-23 00:30:05
КЫргыз Республикасы С тайпасына түшүптүр D эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан