7-майда футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу үчүн 3 жерде мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Айта кетсек, Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо “Алай” менен “Абдыш-Ата” командалары беттешип, мелдеш 2:1 эсебинде “Алай” командасынын жеңиши менен аяктады. Ал эми Кочкор-Ата шаарында “Нефти” менен Нарындын “Ала-Тоо” командалары күч сынашып, 1:2 эсебинде нарындыктар утушту. Ушул эле күнү Бишкек шаарында “Алга” жана “96 футболдук борборунун” футболчулары Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо таймашып, 7:0 эсебинде "Алга" командасы жеңүүчү аталды.