МЕДИА-ПОРТАЛ: KG Эльмурат "Жаныма келесиӊ" ырынын клибин тартууда ийгилик коштогонун айтат

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү күлкүлүү, жагымдуу тартылган клиптердин бири - ырчы KG Эльмураттын "Жаныма келесиӊ" ырынын клиби. Ырчы клип тартуу учурунда ийгилик коштогонун, кызыктар жана кыйынчылыктары жөнүндө буларды билдирди:

"Клиптин идеясы режиссёр Эрнист Сыдыковго таандык. Мурунку клиптеримде роль жаратсам, мында аткаруучу гана болдум.

Баары ниетке жараша болоруна бул ирет ынандым. Режиссёр клипке керектүү 40 буюмдун тизмесин жазып берген эле. Ишенсеӊиз, эртеӊ тартылат дегенде да эч нерсе даяр эмес болчу. Ошол күнү эрте жатып, эртеӊ мененки намазды окуп, керектүү буюмдарды издөөнү баштадым. Баары 3 саатта даяр болду. Жадакалса, улуттук формалар берилбейт деген "Кыргызфильмден" кийимдерди беришти. Ошентип Жал кичи районунда түнкү 2ге чейин тартып бүтүрдүк.

Албетте, кыйынчылыктары да болду. Биз тартылган студиянын ичи суук болчу, жагылган мештер да жардам берген жок. Үшүп, титиреп калсак дагы, съёмка учурунда аны билдирген жокпуз. Кудайдын буйругу менен ошентип баарын ийгиликтүү бүтүрүп алдык", - дейт KG Эльмурат.

KG Эльмураттын "Жаныма келесиӊ" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Beka.sss
2017-04-21 17:58:23
Улан гитаристго тээтиги
0
saribaeva
2017-04-21 18:15:07
Мен клипке тушунбодум......
0
JemesRodrigues
2017-04-22 08:30:55
кыз менен турган баланын аты ким коп клиптерге катышат ошол бала
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан