Бүгүн, 21-апрелде Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде 2 окуучуну сүзгөндөр табыла элек. Бул тууралуу Бишкек шаардык патрулдук кызматынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев SUPER.KG порталына кабарлады.
Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары сүзүп кеткен унаа Селекция айылында табылганын жазышкан. Бул маалыматты Таалай Бугубаев төгүндөп, күбөлөр унаа Селекция айылын көздөй бет алганын айтышканын билдирди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, саат 14:15те жана 14:30да ооруканага түшкөн балдар 2007-жылкылар.
"М.Э. башынан жаракат алып, сол далысы сынып, курсак бөлүгүнүн ич жагы айрылган болушу мүмкүн. Ал эми С.А. аттуу бала баш мээсинен катуу жаракат алган. Омурткасынын моюн жагы сынган болушу мүмкүн. Сол саны менен курсак жагынан катуу жаракат алган", - деп жазылат маалыматта.