Бүгүн, 21-апрелде Бишкекте эки мектеп окуучусун сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда аны милиция бөлүмүнө алып келишүүдө. Айдоочу 1988-жылы туулганы, Бишкектин тургуну экени аныкталды. Экспертиза аныктагандай, кармалган учурда айдоочу мас абалында болгон.
Айта кетсек, бүгүн, 21-апрелде Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде сүзүлгөн 2 окуучу эсине келген, абалдары туруктуу. Экөө тең башынан жаракат алышкан.
2007-жылы туулган М.Э. аттуу окуучунун сол колу сынып, мындан тышкары ал ичинен жаракат алган. Баланын ич көңдөйү жарылган болушу мүмкүн.
2007-жылы туулган С.А. аттуу окуучунун сол бутунун эки сөөгү сынган. Ошондой эле бала ичинен жана сол санынан жаракат алган. Анын ич көңдөйү жарылган жана моюн омурткасы сынган болушу мүмкүн.