"Шаттык" бий ансамблинин бийчилери Орусияда өткөн эл аралык оюндарда алтын медаль тагынышты

Бүгүн, 21-апрелде Орусиянын Екатеринбург шаарында өткөн XII Эл аралык "Дельфи оюндары" маданий долбоордун алкагында "Шаттык" бий ансамбли жеңишке жетишип, алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге топтун жетекчиси Сырга Жапар кызы билдирди.

"Азыр эле КМШ өлкөлөрүнүн арасында өткөн оюндарда биринчи орунду алганыбызды угуп, сүйүнүп жатабыз. Баары ар тараптан куттуктап жатышат. Мейманканага келдик. Мекенибизге барарыбыз менен кандай оюн көрсөткөнүбүз тууралуу кененирээк маалымат беребиз", - дейт Сырга Жапар кызы.

Ал оюндарга 9 өлкөдөн келген искусство өкүлдөрү, жаш таланттар катышканын кошумчалай кетти.

Ал эми аталган топтун бийчиси Айгерим: "Сүйүнгөнүбүздөн аябай ыйладык, көп убакыт даярданганбыз. Бизге ишенген адамдардын ишеничтерин актадык деп ойлойм. Бул, биринчиден, биздин жетекчибиздин чоң эмгеги", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
grace
2017-04-21 21:47:06
Куттуктайбыз! Азаматтар, дагы да ийгиликтерге жетише бергиле.
+3
scorp
2017-04-21 21:49:01
ооо сыймык сыймык)))
+1
Azatbek83
2017-04-21 23:04:03
Молодцы
0
gulzar_gulu
2017-04-21 23:48:31
Жакшы...
0
solntse95
2017-04-22 00:29:24
Азаматсынар
0
elif
2017-04-22 02:42:04
Азаматсынар ширин кыздар,силер бищдин сыймыгыбызсынар
0
Nurishka
2017-04-24 13:39:28
Азаматсынар. Алия Жанэт вы молодцы, силер менен сыймыктанам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан