Жаш ырчы Нурчолпон Азербайжандын Баку шаарында өткөн "Youthvision 2017" эл аралык музыкалык сынакта экинчи орунга ээ болду. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 22-апрелде Инстаграмдагы өздүк баракчасы аркылуу жазып чыкты.
"Бир ыр менен аткаруучунун бардык өнөрүн баалоого мүмкүн эмес. Мен өзүмдүн миссиямды ийгиликтүү аткардым, анан да бул башталышы гана деп ойлойм", - деп жазган ырчы.
Ал эми Нурчолпондун продюсери Сүйүн Откеев ырчы сынакка катышууга 16-апрелде учуп кеткенин, бүгүн түнү кайтып келишерин, ошондо толук маалымат берерин кошумчалай кетти.