Бишкекте эл аралык уюмдун өкүлүн тоноого аракет кылгандар кармалды

Эл аралык Human Rights Watch уюмунун Борбордук Азия боюнча кызматкери Стив Свердловго Бишкекте кол салуу болду. Бишкек ШИИББи кылмышка шектелип 2 жаран кармалганын кабарлады. 21-апрелден 22-апрелге караган түнү саат 1 жарым чамасында белгисиз 3 адам Свердловго үйүнүн короосунда күч колдонуп тономокчу болгон. Кылмышка шектүүлөр Ош облусунун 1998-жылы туулган тургундары.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмышка шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу териштирилүүдө.

Аталган уюм адам укуктары жаатында иш жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
OMURBEK.
2017-04-22 18:23:11
аттары б.р жан э.у аттуулар болсо керек менимче
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан