Жыргалаңдагы шахтада эки адам изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-апрель күнү саат 17:30 чамасында Ысык-Көл облусундагы “Дөргө көмүр” шахтасында иштеген Н.К. жана А.Т. болжол менен саат 16:30да шахтага көмүр казганы киришип, белгисиз себептер менен кайра кайтып чыгышкан эмес.
"Ошол эле күнү саат 18:10дон тарта 21 куткаруучу тартылып, 23-апрель күнү саат 05:00гө чейин издөө иштерин жүргүзүшүп, бирок табылган жок. Издөө иштери уланууда", - деп билдиришти ӨКМдан.