Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында жер көчкү жүрдү

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-апрель күнү саат 09:00 чамасында Дароот-Коргон айылында көлөмү 16 миң 200 метр куб жер көчкү түшүп, 3 турак үйгө жана 1 мечитке кооптуу абал жаралган.

"ӨКМнын мониторинг департаментинин башчысы, ӨКМнын райондук бөлүмүнүн жана айыл аймактын башчысы, Жарандык коргонуу комиссиясы 22-апрель күнү жеринде тактоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Кооптуу жерде жайгашкан 1 турак үйдүн жашоочулары туугандарынын үйүнө көчүрүлгөн", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tatli_Melek
2017-04-23 14:23:08
Кудай сактасын!
0
orun
2017-04-23 15:40:49
Чон-Алайда али кыш го ээ. Аллах озу сактасын ар кандай кырсыктан...
+1
Medinaa
2017-04-23 18:45:16
Менин айылым го
0
duyshon.kg
2017-04-23 20:07:15
Казыбектин айылыго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан