Орусияда 24 жаштагы Кыргыз жаранын өлтүрүп кетишти. Айрым маалыматтарга караганда, окуя 19-апрель күнү Москва шаарында болгон. Анда Айзат Жумабекова жашаган батирге белгисиз адам кирип, аны муунтуп өлтүрүп кеткен. Айрым интернет колдонуучулары маркумдун 6 айлык боюнда бар экенин жана Кыргыз өлкөсүнө кетүүгө камынып жатканын жазышууда. Бул маалыматты ИИМдин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев тастыктады.
"Азыркы тапта ал окуя боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Кылмышка шектүү кармала элек", - дейт Алиев.