ЖЫЛНААМА, 24-АПРЕЛЬ: Орусиялык ырчы Юлианна Караулова 29 жашка толду

Бүгүн, 24-апрелде орусиялык ырчы Юлианна Караулова 29 жашка толду. Ал Москвада төрөлгөн. 4 жашка чыкканда атасынын жумушуна байланыштуу үй-бүлөсү менен Болгариянын София шаарына көчүп барышкан. Жаштайынан музыкага жакын өскөн болочоктогу ырчы алгачкы ирет 5 жашында сахнага чыкса, 14 жашында 3 кыздан турган "YES" аттуу топтун курамында ырдай баштайт. Топтун кыздары Орусиянын "Жылдыздар фабрикасы" долбоорунун 5-сезонунун тандоо туруна барышкан. Топтон бир гана Юлианна өтүп, жылдыздар үйүндө жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Долбоор жыйынтыкталган соӊ продюсерлер курамы 3 кыздан турган "Нецке" аттуу топ ачышат. Бирок бул топко ийгилик жылмайбай, акыры тарап кеткен.

Жогорку билим алууну самаган ырчы Москвадагы Гнесиндер атындагы музыкалык академияга тапшырып, аны менен катар орусиялык "YES" журналында редактор болуп иштей баштайт.
Журналисттик кесиптин артынан Юлианна "5sta Family" тобунун жигиттери менен таанышкан. Алар кызды кастингге чакырып, кийин топко кабыл алышат. Ошентип 2011-жылы чыгармачылык пикир келишпестиктен улам аталган топтон кеткен ырчы Ольга Засульскаянын орду Караулова менен толукталган. 4 жыл бою топто ырдап, акыры Юлианна жеке ырчылык менен алектенүүнү туура көргөн. "Сен андай эмессиӊ" аттуу ыры Орусиянын бардык радиолорунда жаӊырып, ага тартылган клип музыкалык хит-параддарда 1-орунду ээлеп келген. Ошентип ырчынын жылдызы жанып, бир катар хит ырларды жарата баштаган.
Жеке жашоосу:
Юлианна Караулова буга чейин берген маектеринде ушул жылдын 22-апрелинде продюсери Андрей Чёрныйга турмушка чыгарын билдирген. Бирок азырынча түгөйлөрдүн үлпөт тою кайсы жерде өткөнү тууралуу маалымат жок.
29 жаштагы ырчы менен Андрей Чёрный 10 жылдан ашуун убакыттан бери бири-бирин жакшы таанышат. Башында дос катары гана мамиле түзүшкөн эки жаштын ортосундагы ынак мамилеси аягында сүйүү менен аяктаган.

24-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bilal2014
2017-04-24 08:29:10
Звезды в небе горят когда ты рядом со мной...ушу ыры жаГат.
0
Kroxa
2017-04-24 09:07:20
Молодцы..удачи вам....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан