Топ-Лига: "Абдыш-Ата" "Кара-Балтаны" 3:0 эсебинде жеңди

Футбол боюнча өлкө биринчилиги - Топ-Лиганын 3-туру кечээ, 23-апрелде Кант шаарында аяктады. Анда жергиликтүү "Абдыш-Ата" командасы "Кара-Балтаны" кабыл алды.

Оюндун жүрүшүндө үй ээлери чабуулда ийгиликтүү болуп, жоопсуз 3 гол киргизе алышты. Иван Филатов 13-мүнөттө эсепти ачса, Нуркал Сатаев 28-мүнөттө экинчи голду киргизди. Экинчи таймада Бахтияр Дүйшөбеков оюнга чекит койду.

Бул жеңиштен соң "Абдыш-Ата" 3 оюнда 9 упай топтоп, турнирдик таблицада 1-орунга көтөрүлдү. Ал эми 3-ирет катары менен жеңилген "Кара-Балта" азырынча упайга ээ эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан