Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, сөөктү куткаруучулар Аламүдүн районундагы Лермонтов көчөсүнүн жанынан алып чыгышкан. Ал милиция кызматына өткөрүлүп берилип, учурда аты-жөнү аныкталууда.