21-апрелде Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайлар арасында өткөн Универсиада оюндары жыйынтыкталды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, 16 спорт түрү боюнча өткөн мелдешке 36 окуу жайдан 5 миңден ашык спортчу катышты.
Жыйынтыгында командалык эсепте 1-орунду Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенттери багынтышты. Командалык эсепте 2-орунду Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери камсыздашты. Ал эми байгелүү 3-орунду Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенттери багынтты.