Казакстандагы суу каптоодон улам 6 киши көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кар эрип, дарыялардагы суу ташкындап, Казакстандын Актөбө, Акмоло, Павлодар, Караганда, Түндүк Казакстан, Чыгыш Казакстан жана Костанай облустарындагы 52 айылды суу каптады.
Суу борбор шаарга да жакындап калгандыктан, Астананын суу сактагычындагы суунун деңгээли азайтылууда. Суу каптоо республикалык жана жергиликтүү маанидеги 120 унаа жолун жууп кетти. Ошондой эле 130 үй суу каптоо коркунучу алдында турат. Буга байланыштуу шаардан 1300 киши эвакуацияланды.