ЖЫЛНААМА, 24-АПРЕЛЬ: Актёр Атай Өмүрбеков өздүк майрамын жакындарынын курчоосунда белгилөөдө

Бүгүн, 24-апрелде актёр Атай Өмүрбеков 32 жашка чыкты. Аны куттуктап байланышка чыксак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн кантип белгилеп жаткандыгы тууралуу айтып берди.

"Туулган күнүмө карата куттуктоолор кечээ эле башталган. Досторум, апам, жубайым биринчилерден болуп куттукташты. Туулган күнүбүз болгон сайын жашыбыз өтө берет. Тескерисинче, бул күнү жашарсак, кана. Бүгүн үйдөн өзүмдүн рецебим боюнча биринчи жолу кебаб жасайын деп жатам. Өздүк майрамымды жакындарымдын курчоосунда белгилейм", - деди ал.

Белгилей кетсек, Атай Өмүрбеков 1985-жылы 24-апрелде Чүй облусундагы Панфилов районунун Вознесеновка айылында төрөлгөн. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун театр жана кино бөлүмүн бүтүргөн. Чүй облустук театрында, Кыргыз драма театрларында актёр болуп иштеген. Ал "Ээнсиреген үй", "Бажарики" жана башка тасмаларда роль жараткан. Актриса Марал Койчукараеванын жолдошу. Түгөйлөрдүн 2014-жылы төрөлгөн Искендер аттуу уулу бар.

24-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2017-04-24 21:32:56
Пустой дом..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан