Кара-Көлдө дайынсыз жоголгон 6 жашар Бекзат 9 күндөн бери табыла элек

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында дайынсыз жоголгон 6 жашар Бекзат Жанапилов табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде SUPER.KG порталына Бекзаттын апасы билдирди.

Анын айтымында, баланы издөө иштери уланууда. "Кара-Көлдүн бардык жерлеринен издеп чыктык. Коңшу айылдардан да издеп жатабыз. Жергиликтүү аймакта "Бекзат табылды" деген туура эмес маалыматтар тарап жатат", - деди жоголгон баланын апасы.

Айта кетсек, 16-апрель күнү түшкү саат 13:30-14:00дөр чамасында шаардын Пойма бөлүгүндөгү 20-үйдөн эшикке ойноп чыгып кеткен боюнча жоголгон. Жакындары артынан 15 мүнөттөн кийин издеп чыгып таппай калышкан. Бою 120 сантиметр чамасындагы сары бала. Ошол күнү кызыл, кара сызыктары бар жемпир, кара вельвет шым, кара спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Эгерде кимдир бирөө көрүп калса, Бекзатты издеп жаткан ата-энесине байланышуу зарыл. Байланыш телефондор: 0 (772) 15-88-42, 0 (705) 15-88-42, 0 (772) 15-88-43, 0 (700) 15-88-43.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alixan-Nookat.2015
2017-04-25 10:09:46
Кудайым буйруса табылат балаңыз аман эсен келет жаныңызга.
+2
bermet104
2017-04-25 11:26:46
Табылып калса экен Аллахым өзүң жардам бер!!!
+2
aerforce
2017-04-25 14:54:51
Аллахым эсен аман табылганга жардам берекор эч бир жан баласын жоготпосун кудайым ушул наристегеда омурун бергин аман табылып калышына мин мертебе жалынып сурайбыз Алладан.
+2
Lady_90
2017-06-13 21:25:10
Ушул бала табылдыбы? Билгендер болсо айтып койгулачы, жаман эле кыжаалат болдум. Эч бир энени баласынан ажыратпасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан