Түркия чемпиондугун багынткан Мирлан Мурзаев
Учурда бир канча Кыргыз футболчулары чет элдик командаларда өнөр тартуулап келишет. Алардын бири улуттук курама команданын чабуулчусу Мирлан Мурзаев түркиялык клуб менен чемпиондукту багынтты. Ал быйылкы сезондо Түркиянын 4-дивизионундагы “Ушакспор” командасында ойноп, алтын медалдарга жетишти. 24-апрель күнү Мурзаевдин командасы «Бусак Огузан» командасын 3:1 эсебинде жеңип, өз дивизионунда чемпион аталышты. Эми “Ушакспор” 3-дивизионго чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Мирлан Мурзаев бул сезондо жалпы 22 оюнга катышып, 6 жолу айырмалана алган.
Виталий Люкстун голу чемпиондукту алып келди
“Ак шумкардын” чабуулчусу Виталий Люкс “Унтерхахинг” немис командасында ойноп келери белгилүү. Ал өз командасы менен “Бавария” регионалдык лигасында 30-турдук оюнда “Меммингем” командасы менен кез келген. Беттеш 1:1 менен аяктап жатканда, 82-мүнөттө Люкс алмашууга чыккан. Анын кошумча убакытта таамай узатылган соккусу “Унтерхахингге” жеңиш алып келди. Бул жеңиш менен аталган команда чемпиондукту багынтып, Германиянын 3-лигасына чыгуу үчүн аракет көрөт.
Бектур Талгат уулу Индияда 4 гол киргизди
Кыргыз өлкөсүнүн футболчусу Бектур Талгат уулу быйылкы сезондо Индиянын “Черчилл Бразерс” командасында ойноп келет. Ал 22-апрелде бир оюнда 4 жолу айырмаланып, беттештин мыкты оюнчусу аталды. Анда Индия чемпиондугунун 17-турдук оюнунда “Черчилл Бразерс” “Ченнай Сити” командасы менен кез келген. Бул беттеште кыргыз футболчусу 4 жолу гол киргизип, өз командасына 6:1 эсебинде жеңишке жетишүүсүнө көмөктөштү.
Валерий Кичин Орусиянын Премьер-Лигасына чыкканга аракет жасайт
Улуттук курама команданын коргоочусу Валерий Кичин “Енисей” клубу менен Орусиянын Премьер-Лигасына чыгууга аракет кылууда. Кичин бул командада негизги курамда ойногон футболчусу болуп эсептелинет. Анын командасы 33-турда “Кубань” клубу менен ойноп, 2:0 эсебинде жеңип алышты. Жыйынтыгында “Енисей” 51 упай менен 4-орунга жазылышты. Эгерде ушул орунда калса, Премьер-Лигага чыгуу үчүн плей-офф баскычында ойноого мүмкүнчүлүк алышат.