Орусиянын борбору Москва шаарындагы скверге жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылат. Мындай маалыматты бүгүн, 25-апрелде Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Твиттердеги баракчасына жазды.
"Түштүк административдик аймактагы Павловск көчөсү менен Подольск кең көчөсүнүн кесилишиндеги скверге залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылат", - деди мэр.
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов - кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана постсоветтик жазуучу, Кыргыз ССРнин Эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры.