Ош облусунун Кара-Суу шаарында волейбол мелдеши өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Анда 4 топко бөлүнгөн 20 команда биринчилик үчүн күч сынашты. Мелдештин соңунда 1-орунга “Жоош”, 2-орунга “Сары-Колот”, 3-орунга “Жаңы-Арык” командалары чыгышты. Айта кетсек, таймаштын байге фонду 150 миң сомду түзүп, жеңүүчүлөргө бөлүнүп берилди. Мелдеш 6-майда башталып, 7-майда жыйынтыкталды.