Бүгүн, 25-апрелде Бишкек-Ош унаа жолунда 2 май ташуучу унааны кар көчкү басып калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 15:10 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 131-чакырымында кар көчкү түшүп жолдо бара жаткан 2 күйүүчү май ташуучу унааларын сүрүп, кысып койгон. Кырсыктан улам жабыркагандар жок. Унаа жолду тазалоого №9-жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.