ЖЫЛНААМА, 25-АПРЕЛЬ: 3 жыл мурун испаниялык футболчу жана машыктыруучу Тито Виланова дүйнө салган

2014-жылы 25-апрелде каталондук “Барселона” футболдук клубунун мурунку башкы машыктыруучусу, акыркы жылдары рак оорусу менен күрөшүп келген Тито Виланова 45 жаш курагында көз жумган. Ал кезектеги операциядан кийин каза болгон. Жалпысынан ал буга чейин 2 операцияны башынан өткөргөн.

Тито Виланова 1968-жылы 17-сентябрда Испаниянын Каталония автономдук аймагынын Белькайре шаарында туулган. Ал “Барселонада” 2012-2013-сезонунда башкы машыктыруучу катары эмгектенген. 2013-жылы жай айында ден соолугуна байланыштуу кызматын таштоого мажбур болгон.
25-апрелдин жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Myrzaw98
2017-04-25 19:26:48
мындай адамдар тарыхта калат жаткан жери жайлуу болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан