Дубайдагы сулуулар сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан украиналык модель катышууда

Дубайда өтүп жаткан "Queen of USSR Dubai 2017" аталышындагы расмий эмес эл аралык сулуулар сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан ошол жакта жашаган украиналык модель Алиса Саросек катышууда. Бул тууралуу сынактын расмий сайтында маалымдалат.
Жергиликтүү басылмалардын билдиргенине караганда, уюштуруучу Ольга Пишикова мындай кырдаалды аталган сынакка катышууга кызыккан кыргыз сулууларынын чыкпай койгону менен түшүндүргөн.

"Бул жылы биз кыргыз кызын таба албай койдук. Андыктан ал өлкөнү чийип салып же башка бирөөнү катыштыруу керек эле. Бактыга жараша, Алиса Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыгууга макул болуп, бул жагынан ал жакшы аракеттерди жасап жатат. Азыр 17 катышуучунун ичинен финалга чыгып, акыркы чыгуусуна даярданып жатат. Былтыркы катышуучу финалда улуттук көйнөк тигип, "Кара жорго" бийин бийлеп калыстардын эсинде калган", - деп билдирген уюштуруучу.

Көпчүлүк катышуучулар СССРдин убагындагы өлкөлөрдүн Дубайда жашаган өкүлдөрү болгон. 2016-жылы өлкө намысын Уулжан Зулпукар кызы коргоп, 15 сулуунун катарына кирген.

Сынактын финалы 13-майда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Lion.
2017-04-25 21:21:30
Сулуу деле эмес экенго.
+1
Rasul94
2017-04-25 22:16:17
ээй кыргыздын кымча бел аккуулары кайдасынар.бир мамлекеттен бир сулуу чыкпайбы.кайда жанакы клипптеги аймончоктор.
+2
ekaterinburg
2017-04-25 22:36:08
Кыйын болгон жанагы Татыш кана эми?Чыгарбайбы кыздарды ушундай жактарга.
+12
ainuska00
2017-04-26 01:09:41
Бул жакта сулуулар бири бирин артка тартып отурса ушундай болот.Ынтымак бар жерде ырыс бар дейт.Чачташып,согунуп,койногун которуп келген кызды чыгарбай койгон кыз ушундай конкурстарга аттанбайбы оозун ачбай.
+2
Istina1000
2017-04-26 01:15:51
Менимче, ошол Дубайдын озундогу кыргыздардан караштырат окшойт го, сулууну. Ал жактагы кымча белдерибиз чыккылары келбеген сыяктуу
+1
ayjan_90
2017-04-26 01:47:09
Апееей оозу кантет
+1
mahbu.kg
2017-04-26 06:04:08
Озунор чыкпай аткандан кийин уялсанар боло кемсинте бербей!кана тиги бегимайынар?!уну басылыптырго
+4
Madina.96
2017-04-26 09:17:57
Сулуу кыз экен
+1
admin_portal
2017-04-26 09:35:59
nurbekasr, кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактап, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
crazyloop
2017-04-26 09:36:01
Чыкса дагы айтасынар, кыргыз кызы ачык кийинип чыкса куноо деп. Эми бул украиналык кыз биздин олконун намысын коргоп чыгып атыптыр,азамат экен, жок дегенде колдоп койбойсунарбы.
+3
yrysbek
2017-04-26 09:36:51
Бул кыздын эмнеси сулуу оозу кантет,ХХХ оозунан калышпайтко. Кыргызымда сулуу кыздар толтура, силер корсунор. Чынында эле силер сулуу кыз издеген болсонор тапмаксынар, Силер акчага кызыгып сулуу кыз издединер.
+2
Rasul94
2017-04-26 12:41:51
мындан коро Руцкая барса зор болмок
+3
Asman...
2017-04-26 13:23:36
Жакшы кылыптыр бир кызды болсо да күнөөдөн сактап. Жарым жылаңач болуп эмне кылат элдин алдында. Сулуулук жүрөктө.
+1
Pantherka
2017-04-26 13:27:15
Кырылган сулуулар конкурсу откорулот оздорунун чонтогу учун анан ушундай сынактарга эч кимиси деле барбайт)))))))))))
+1
Kleopatra01
2017-04-29 15:29:35
Оозу кантет,мурду кантет деп модельдердин чойросун тушунбогондон кийин жооон эле отургулачы. Аларда внешностьго ушундай талаптар болсо керек да. Эптеп эле бир кычык таап жамандабасак курсагыбыз тойбойт э биздин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан