Бишкекте уурулукка шектелип, Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
24-апрель күнү милиция кызматкерлерине шаар тургуну кайрылып, Шабдан баатыр көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайда уурулук фактысы катталганын билдирген.
"Белгисиз адам коомдук автобустун дөңгөлөктөрүнүн 6 дискин уурдап кеткен. Бул факты боюнча ыкчам изилдөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 29 жаштагы К.Н. аттуу тургуну кармалды. Азыркы тапта "уурулук" боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.