Асыл Абдыжапар менен Айжаркын Шыңгыз кызы шахмат боюнча Өлкө чемпиону аталды

Бүгүн, 8-майда шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиондугу соңуна чыгып, Асыл Абдыжапар менен Айжаркын Шыңгыз кызы жеңүүчү аталышты. Аталган спорт түрүнүн федерациясынын басма сөз кызматы билдергендей, мелдешке 80ден ашуун спортчу катышып, швейцар системинде эркектер 11, айымдар 9 турдан ойношту. Ал эми таймаштын соңунда 9 упай менен А.Абдыжапар 1-орунду, 2-орунду 8,5 упай менен Андрей Мазницина, 3-орунду 8 упай менен Жакшылык Нурланов алды. Ал эми айымдар арасынан 7 упай менен А.Шыңгыз кызы 1 орун, 6,5 упай менен Айжан Алимбай кызы 2-орунду, 3-орунду 6 упай менен Гретта Лим ээледи. Айта кетсек, Өлкө чемпиондугу 28-апрелде башталган болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан