Жакында эле белгилүү америкалык актриса Анжелина Жоли Лос-Анжелес шаарындагы престиждүү делген райондон баасы 25 миллион доллар турган вилла сатып алган. 1913-жылдардын башында курулган вилланын аянты 1 гектарга чукул, анда 6 уктоочу, 10 жуунуучу бөлмө, гараж, чай ичүүгө ылайыкташкан кичинекей үй, 3 кабаттуу машыгуу залы, бассейн жана конок үйү орун алган. Кечээ, 25-апрелде интернетке анын жаӊы үйүнүн сүрөттөрү жана видеосу жарыяланды.
Буга чейин актрисанын үйүн бийиктиктен гана күзөтүүгө мүмкүн болсо, бул ирет жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк жаралган.
Маалыматтарга караганда, эми үй-бүлө мүчөлөрү коӊшулары же папараццичилер көрүп калат деп кооптонбой жүрө алышат. Жолинин үйүнүн жанында Натали Портман, Кристен Стюарт жана башка атактуулардын үйлөрү жайгашкан.
Анжелина үлпөт тою өткөн Франциядагы үйү сатууга коюлгандан кийин өзүнө жаӊы жай издеп баштаган.