Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өз өмүрүнө кол салган Кыргыз жаранынын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 23-апрель күнү Санкт-Петербург шаарынын Дунай кең көчөсүндөгү курулуш жүрүп жаткан имаратта болгон. Анда 22 жаштагы Ы.М. аттуу Кыргыз жараны асынып турган жеринен табылган.
"№26-шаардык ооруканадан билдиришкендей, жабырлануучунун абалы оор. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бүгүн элчиликтин кызматкерлери ооруканага барып, дарыгерлер менен сүйлөшүп, Кыргыз жаранынын абалы менен таанышып келишет", - деп билдиришти элчиликтен.