Бүгүн эртең менен Чүй облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 06:49 чамасында катталган. Анын очогу Арпа-Тектир айылынан 4 чакырым түштүктө , Кегети айылынан 8 чакырым түштүк-батышта, Токмок шаарынан 30 чакырым түштүк-батышта, Бишкек шаарынан 57 чакырым түштүк-чыгышта жайгашып, күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Арпа-Тектир айылында 3 балл, Кегети айылында 2,5 балл, Дөң-Арык, Кошой, Чоң-Жар, Карагул айылдарында 2 балл сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.