ЖЫЛНААМА, 26-АПРЕЛЬ: Атактуу кытайлык актёр Жет Ли 54 жашка чыкты

Кытайлык актёр Жет Ли (толук аты-жөнү - Ли Ляньцзе) 54 жашка чыкты. Ал 1963-жылы 26-апрелде Пекин шаарында туулган. Сегиз жашка чыкканда классы менен чогуу ушу сабагына катышып калып, ал Жет Лиге чоң таасир калтырган. Жарым жылдан кийин мектепти таштап, Пекиндеги ушу академиясына тапшырган. Үч жылдын ичинде спорттун бул түрүндө такшалууга жетишип, Пекин курама командасына кабыл алынат. Ал эми кийинки жылы балдар арасындагы күрөштөн жана дао кылычтары менен согушуудан биринчиликти багындырып, 11 жаштагы Жет Ли бул тармакта бүткүл Кытай Эл Республикасынын чемпиону аталат. 1974-жылы өзү машыккан спорттун түрү менен Кытай элинин намысын коргоо үчүн дүйнө­лүк таймашка аттанган. Биринчи сапары жемиштүү болуп, башкы орунду ээлеген жана ошол кездеги АКШнын президенти Ричард Никсондун өз колунан сыйлык алып кайткан.

Жет Лиге 1982-жылы киного тартылуу сунушу түшкөн. Ошентип ал "Шаолинь чиркөө­сү" ("Храм Шаолиня") аттуу сериалда баш каармандын ролун жогорку деңгээлде аткаруу менен кино дүйнөсүнө кадамын таштаган. Ушул кинодон кийин Жет Ли Кытайдагы эң атактуу актёр катары таанымал болгон. Андан тышкары, роль жаратуудагы эң тез кыймылдары үчүн "Жет" деген атка конгон. "Жет" - бизче, "тез", "ылдам" дегенди түшүндүрөт.
Өз мекенинде жана жалпы эле Азия өлкөлөрүндө жыйырма бештен ашык тасмаларда роль жараткан соң Жет Ли дүйнөнү багындыруу максатында Голливудга сапар алат. 1998-жылы актёрдун катышуусунда англис тилиндеги "Өлүм куралы-4" ("Смертельное оружие-4") деп аталган жаңы тасма жарыкка чыгат. Андан көп узабай эле Американын белгилүү режиссёрлорунан жаңы тасмаларга тартылуу сунуштары түшө баштаган. Жыйынтыгында, "Ромео өлүшү керек"("Ромео должен умереть"), "Ажыдаардын өпкөнү" ("Поцелуй дракона"), "Бешиктен чыгып мүрзөгө" ("От колыбели до могилы") деген сыяктуу белгилүү кинолор пайда болгон. Жет Ли кытай киноактёрлорунун арасында эң көп гонорар алган тажрыйбалуу аткаруучу катары да таанымал болгон. 13 миллион долларды түзгөн бул рекордду актёр "Полк башчылары" фильминдеги ролу үчүн алган.
Жеке жашоосу
1987-жылы актёр Кытайдын ушу боюнча курама командасынын мүчөсү Хуан Цюань менен баш кошкон. Экөө үч жыл чогуу жашап, 2 кыздуу болушкан. 1999-жылы Жет Ли гонконгдук актриса Нина Ли Чиге үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн бир кыз, бир уулу бар.

26-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ekaterinburg
2017-04-26 15:53:53
Жагат ушул актер мага!
0
myrza_aryk
2017-04-26 23:28:03
жакшы актёр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан