Бишкекте 79 жаштагы пенсионердин өлүмүнө шектелгендердин экөөсү эки айга СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун санкциясына ылайык, 2000-жылы туулган Р.Т., 1999-жылы туулган Ш.Р. №1-СИЗОго киргизилди. Ал эми И.Д. үй камагында калтырылды.
Айта кетсек, 22-апрель күнү Бишкектин 12-кичи районунда 79 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Бул кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Р.Т., 1999-жылы туулган Ш.Р. жана И.Д. кармалган. Алардын бири маркумдун небереси болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, улгайган аялды өлтүрүүнүн максаты тоноо болгон.