СУПЕРСТАН: "2014-жылы Дүйнө Чемпиондугунун жарым финалында Бразилиянын Германиядан "разгром" болгону менен эсте калды"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эсте калган, унутулгус футболдук таймаштар" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Эсимде калган, унутулгус оюн 2004-2005-жылдагы Чемпиондор Лигасынын финалы, Ливерпуль-Милан таймашы. Оюндун 1-мүнөтүндө эле миландык легендарлуу оюнчу Паоло Мальдинин гол киргизүүсү менен башталган. Аябай жакшы, "жёсткий оюн болгону эсимде, 2-голду Креспо киргизген, андан кийин Каканын голу менен эсеп 3:0 болуп калган. Ошентип 1-тайм аяктаганда "бүттү, Милан чемпион болду" деп ойлогом. 2-таймда Ливерпулдун лидери Жеррард гол киргизип, эсеп 3:1 болду. Ливерпуль Миланды аябай кысым кыла баштады, андан соң Шмицер гол киргизип, 18 метрден эсепти 3:2 кылган. Ошентип Гаттузонун "катуу" оюнунан улам Ливерпуль пеналти укугуна ээ болот. Алонсонун соккусун Дида тосуп алды, бирок Жеррард жетишип, оюндун эсебин теңеп 3:3 кылышты. Анан кошумча тайм болгон, бирок ал таймда эч кандай гол кирген жок. Пеналтилер сериясынын аягындагы соккуда Шевченко ката кетирип, анын соккусун Дудек тосуп калды, ошентип Ливерпуль чемпион болгон".

"Мага жаккан оюн "ЮАР-2010догу" Германия-Аргентина таймашы болгон. 2006-жылы Аргентина немистерге жеңилгенде ушунчалык жаман болгом. Анан 2010-жылы ошол өчүн алат деп атайын даярданып көрүп отурсам эсеп 1:0 болду. Мейли дедим, 2:0 болду, ага да мейли дедим, эсеп 3:0 болгондо чыдай албай, ордумдан туруп кеткем. Оюн бүтөрдө келип карасам 4:0 болуп калыптыр. Ошондо "Ах, "немис машинеси, сен тебелебеген команда калар бекен" дегем".

"Ооба, немистердин ушул Дүйнөлүк Чемпионатта көргөзгөн оюндары эсимде, бирок "немис машинасын" испандар токтотуп, финалдагы Голландия менен Испаниянын беттеши унутулгус болду. Ошол оюнда тагдырды чечүүчү голду 116-мүнөттө Иньеста киргизип, Испания командасын Дүйнө Чемпиондоруна айландырды".

"Менин эсимде калган таймаштардын бирине "Евро-2004" финалдык оюну кирет. Айрыкча акыркы оюнун толук ойной албай калган Зиданга ичим ачышкан эле".

"2002-жылы Дүйнө Чемпиондугунун финалында Роналду 59 жана 90-мүнөттө киргизген голдорунун жардамы менен, Бразилия Германияны 2:0 эсебинде жеңди. Бразилия Дүйнө Чемпиону болушту".

"2014-жылы Дүйнө Чемпиондугундагы Испания-Голландия (1:5) беттешиндеги Ван Персинин укмуш голу Роббендин укмуштуудай ылдамдыгы менен Касильясты ары бери сүйрөлтүп соккон голу менен, жана дагы Бразилиянын жарым финалда Германиядан (1:7) "разгром" болгону менен эсте калды".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ronaldo.99
2017-04-26 15:01:03
Мага Евро-2016нын Италия-Германиянын пенальти сериясы эн кызыктуу жана узака созулган пенальти болгон.
0
realliver
2017-04-26 15:36:07
2005-жылы финалда Кака гол киргизген эмес алдабасын ))
-1
cholpon119966
2017-04-27 13:10:18
Мага да 2010догу финал жагат. Испанияга башынан жан тартат болчум аябай суйунгом. Иньестаны чалып туртуп жыгытып эле журушчу акырында мына силерге деген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан