Борбор калаада алгачкы Бишкек маданий форуму өткөрүлөт

Борбор калаада 27-апрелден 2-майга чейин биринчи Бишкек маданий форум өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде маалымат жыйында уюштуруучулар билдиришти.

"Бишкек маданий форумга дүйнөдөгү 24 өлкө: Орусия, Казакстан, Армения, Азербайжан, Украина, Словакия, Италия жана башка мамлекеттер чакырылган. Иш-чара кыргыз маданиятын расмий эл аралык уюмдардын жана дүйнөнүн улуттук маданиятынын алкагында көрсөтүүгө багытталган. Алгачкы жолу дүйнөлүк практикада бир коммуникациялык майданда дүйнөнүн фольклор жана профессионал классикалык искусствонун өкүлдөрү жолугушат", - дешет уюштуруучулар.

Форумдун алкагында түрдүү өлкөдөн келген өкүлдөр доклад, сессия, презентация жасашып, дүйнөлүк алкакта өз ара баарлашуу, өнүгүү темалары боюнча талкуу жүргүзүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан