Бишкектеги маданий форумда 24 өлкөнүн өкүлдөрү Кыргыз маданияты менен таанышышат

Бүгүндөн тарта Бишкекте 27-апрелден 2-майга чейин өтө турган маданий форумга түрдүү өлкөдөн катышуучулар келе башташат.

Бүгүн, 26-апрелде өткөн маалымат жыйында аталган иш-чаранын уюштуруучусу Татьяна Мосиевская буларга токтолду:

"Коноктор Кыргыз маданияты менен таанышып, түрдүү өлкөлөрдүн маданиятын өнүктүрүү жана бирге кызматташуу боюнча талкуу жүргүзүшөт. Мындай уникалдуу аянтча аркылуу жаштарга эл аралык долбоорлорго катышууга мүмкүн болот. Форумдан көптү үмүттөнүп жатабыз".

Ал эми Мисиралы Букеев форумга даярдыктар кызуу жүрүп жатканын кошумчалады.

"29-апрелде Бишкек шаарынын күнү белгиленет. Маданий форум да дал ушул күнгө туш келгени кубандырат. Андыктан ошол иш-чаранын алкагында шаар күнүн шаӊдуу өткөрүү, конокторго кыргыз маданиятын жогорку деӊгээлде таанытуу аракеттери көрүлүп жатат. Бардык уюштуруу иштерин мэрия өз колуна алган. Андыктан иш-чараны мыкты өткөрөбүз деп үмүт кылабыз", - дейт Мисиралы Букеев.

Белгилей кетсек, форумда Элдик искусство жана фольклор фестивалдарын уюштуруу боюнча эл аралык кеӊеши, Дельфи эл аралык комитети, Марокко фестивалынын ассоциациясы, Түрк маданиятынын эл аралык уюму, Гвалиор шаарынын маданият жана спорт ассоциациясы (Индия) жана Ковель шаарынын эл аралык балдар фестивалынын (Украина) өкүлдөрү катышышат. Ошондой эле форумга жалпы 24 өлкөдөн коноктор чакырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан