ЖЫЛНААМА, 26-АПРЕЛЬ: 75 жыл мурун Кытайдагы көмүр кенинде жарылуу болуп, миңден ашык адам курман болгон

Мындан 75 жыл мурун, 1942-жылы 26-апрелде Кытайдын Беньсиху көмүр кенинде жарылуу болуп, 1549 киши набыт болгон. Алгач метан жарылып, андан чыккан өрт көмүр учкундарынан улам бат жайылып кеткен. Жер астында иштеп жаткан шахтёрлор сыртка чыга албай газга, түтүнгө ууланып көз жумган. Каза болгондордун сөөктөрүн алып чыгуу иштери 10 күнгө созулган. Кээ бир шахтёрлор катуу күйүп калгандыгына байланыштуу таанылбаган бойдон жерге берилген. Кырсыктан курман болгондордун 31и япон улутундагылар болгон. Жарылуунун электр зымдарынын чукул туташуусунан улам келип чыккандыгын иликтөө көрсөткөн.

26-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан