Жакында болуп өткөн "Эль Классикону" каталондук "Барселона" уткан соң, "Реал" экөөнүн упайлары учурда 75. Эми учурдагы башкы суроо - эки команданын кимиси чемпион болот?
“Эль-Классиконун” жыйынтыгында "Барселона" командасы 3:2 эсебинде жеңишке жетип, турнирдик таблицада биринчи орунга көтөрүлдү. Анын артында эле "Реал Мадрид" 75 упай менен келе жатат жана анын запаста бир оюну бар.
"Барселона" Чемпиондор лигасынан четтеген соң, "Ла Лигага" болгон аракетин жасай турганын машыктуруучу Луис Энрике билдирди. Албетте, "Реалдын" үстүнөн жеңишке жетишкен соң, оюнчуларга ишеним келе түштү. "Барселонанын" курамында азырынча эч кандай кыйынчылыктар жок. Бир гана чабуулда ойногон бразилиялык оюнчу Неймардын эки оюнга дисквалификациясы бар. Бирок, айта кетсек, "Барселона" Неймарсыз эле ойной аларын "Реал" менен болгон беттеште көрсөтүп койду. Аны алмаштырууга Пако Алькасер даяр.
"Барселона" "Ла Лига" алкагында 5 оюн өткөрөт. Алар: “Осасуна”, “Эспаньол”, “Вильярреал”, “Лас-Пальмас” жана “Эйбар” командалары. Бул командалардын деңгээли "Барсаныкына" салыштырмалуу анчалык күчтүү эмес, демек, "Барселона" бардыгында жеңишке жетишүүсү шарт.
"Реал" Чемпиондор Лигасынабы же "Ла Лигагабы", аракетин кайсы жакка көбүрөөк жумшайт? Учурда бул башкы суроо. Чемпиондор Лигасында "Атлетико" "Реалдын" көп күчүн алып коёт. Финалга деген жолдомону алууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар.
Турнирдин акыркы айы бардык командалардын бүт күчүн коротуучу ай болуп эсептелинет. "Реал" командасынын акыркы турга чейин “нон-стоп” режиминде оюн өткөрүүсү күтүлүүдө. Анткени падышалык клуб эки күндүн биринде оюн жүргүзүүгө мажбур. Ошол эле учурда "Реал" командасынын коргоочулары улам жаракат ала бергендиктен, Варан жана Пепесиз ойнойт.
Бул чемпиондук үчүн тиреште бир гана футболдун күйөрмандары жеңет. Анткени эки мыкты клубдун чемпиондукту талашуусу акыркы турга чейин уланып, кызуу болору турган иш.