Кызыл-Кыя шаарында Хундай Портердин жүк ташуучу бөлүгүндө жаш балдарды ташып бара жаткан айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.
"Унааны 1995-жылы туулган Нурмат Абдыкапар уулу айдап бара жаткан. Ага Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 235-беренеси (адамдарды ташуунун эрежелерин жана жол кыймыл эрежелеринин одоно бузулушу) боюнча айып тагылып, 2 миң сом айып пул салынды", - дейт Юсупова.
Буга чейин окурман SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылып, 25-апрель күнү саат 21:40 чамасында Кызыл-Кыянын 1-кичи районунда Хундай Портер унаасы жолдо жол эрежелерин бузуп, жаш балдарды салып, коомдук тартипти бузганын айткан.