Бүгүн, 27-апрелде Бишкекте Топ-Лиганын 4-турунун алкагында “Дордой” - “Алга” беттеши орун алат. Бул тууралуу Футбол лигасы маалымдады.
Белгилей кетсек, 3-турдун жыйынтыгында турнирдик таблицада канттык “Абдыш-Ата” 9 упай топтосо, 2-3-орундарда 7 упай менен “Дордой” жана “Алай” командалары жайгашкан.
4-тур 29-апрель күнү Ош шаарында уланып, анда "Алай" - "Абдыш-Атаны" кабыл алат. 30-апрель күнү Кочкор-Атада жергиликтүү "Нефтчи" "Кара-Балта" менен ойнойт.