2018-жылы Орусияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда видеокайталоолор колдонулмакчы. Бул тууралуу ФИФАнын президенти Джанни Инфантино билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
“Биз Дүйнө чемпиондугунда калыстар үчүн жардамчы катары видеокайталоолорду ишке киргизебиз. Бул систем жөнүндө жакшы пикирлер айтылууда”, - деп билдирет Джанни Инфантино.
Белгилүү болгондой, бул видеокайталоолор калыссыздык жаралып калганда же калыс өзүнүн чечимине шек санаган учурларда колдонулат. Башкы калыс өзүнүн жардамчысына кайрылып ошол учурду ири экрандан кайталап көрсөтүүнү сунуш кылат.
Буга чейин видеокайталоо системин футбол чемпионаттарында колдонушуп, жыйынтыгы эффективдүү болгонун адистер белгилеп келишет.