Бүгүн, 27-апрелде Ак үйдүн алдына жабырлануучу Мирлан Жолдошов үй-бүлөсү менен митингге чыкты. Анын айтымында, 3 жыл мурун Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиев кафесин жана үйүн тартып алган.
"Канжар Кадыралиев менен 3 жылдан бери соттошуп келем. Ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карап жатат. Эртең жарыш сөздөр айтылып, өкүм чыкмак. Бирок Кадыралиевдин Ак үйдөгү тааныштары ишти кайра тергөөгө жөнөтүү аракетин көрүшүүдө. Иш кайра тергөөгө жөнөтүлө турган болсо кылмыштын эскирүү мөөнөтү бүтүп калат. Эгер иш кайра тергөөгө жөнөтүлсө, Ак үйдүн алдына барып өзүмдү өрттөйм. Мындан башка аргам калган жок. 3 жылдан бери балдарым менен көчөдө жашап келем", - дейт Жолдошов.
Эске салсак, Башкы прокуратура 2014-жылы Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон.
Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 2015-жылдын 26-мартында Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы жарыяланган. Соттун алгачкы инстанциялары Кадыралиевди үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.
Жогорку Сот 2016-жылдын 27-январында айыпталуучу Канжар Кадыралиевди үй камагында кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.