Сууда сүзүү спорту боюнча Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан Орто Азия чемпионатынын алгачкы күнүндө Кыргыз спортчулары 5 медаль жеңишти. Бул тууралуу Сууда сүзүү федерациясынан бүгүн билдиришти.
Маалым болгондой, Кристина Панасенко брасс стилинде 50 метр аралыкка болгон жарышта, Станислав Карнаухов эркин стилде 100 метр аралыкка болгон жарышта жана Владислав Шулико 50 метр баттерфляй стилиндеги жарышта алтын медаль жеңишкен.
Ал эми күмүш медалга 50 метр аралыкта баттерфляй стилинде жарышка катышкан Станислав Карнаухов ээ болуп, алтын алган Владислав Шуликодон кийин финишке жеткен.
Эркектер арасындагы эстафетада сууда сүзүү курама командасы, анын ичинде Станислав Карнаухов, Владислав Шулико, Темирлан Каратаев жана Артем Камарда, 1-мүнөт 46,98 секунд жыйынтыгын көрсөтүп коло медалды жеңип алышты.