Уруш түрүндөгү Дүйнөлүк чемпиондукта Кыргыз спортчулары 10 медалга ээ болушту

Москва шаарында 21-апрелден 24-апрелге чейин уруш түрүндөгү Дүйнөлүк чемпиондук орун алган. Анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз өлкөсү жалпы эсеп менен 10 медалга ээ болду. Спорттун бул түрлөрү боюнча жалпы 17 комплект медаль үчүн 33 өлкөдөн 200дөй спортчу күч сынашкан.

Эркектер арасында өткөн мелдеште 5 Кыргыз спортчу коло медаль жеңип алышты.

Алар: Максат Черикбаев (55 килограммга чейинки салмак категориясында),

Адилет Адамалиев (60 кг чейинки салмак категориясында),

Субанбек Божоев (70 кг чейинки салмак категориясында),

Дарманбек Акназаров (80 кг чейинки салмак категориясында),

Марат Абдыкалыков (85 кг чейинки салмак категориясында).

Кыз-келиндер арасында өткөн мелдештерде Махабат Орозбекова (75 килограммга чейинки салмакта) финалдык тайпага чыгып орусиялык Ирина Алексеева аттуу спортчуга жеңилип, күмүш байгеге ээ болду.

Дагы 4 кыргыз кызы коло медалдарга ээ болушту.

Алар: Самара Шамбетова (75 кг чейинки салмак категориясында),

Альбина Мамбетова (45 кг чейинки салмак категориясында),

Айсалкын Жаныбекова (50 кг чейинки салмак категориясында),

Алтынай Талапбек кызы (75 кг төмөн салмак категориясында).

Ошентип Кыргыз командасы медалдык эсепте 10 медаль менен чемпиондукту 6-орунда жыйынтыктады. Ал эми 1-орунда 15 медаль менен Орусия жеңишке жетти. 2-орунду Казакстан жана 3-орунду Өзбекстан камсыздады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан