Топ-Лига: "Дордой" өз тааласында "Алга" менен 1:1 эсебинде тең чыкты

Бүгүн, 27-апрелде футбол боюнча өлкө биринчилиги – Топ-Лиганын 4-турдук оюндары Бишкек шаарында орун алды. Анда “Дордой” өз талаасында "Алганы" кабыл алды.

Оюндун 1-таймынын башталышында “Дордойдун” чабуулчусу Алишер Азизов 12-мүнөттө эсепти ачты. Бул гол чабуулчунун Топ-Лига алкагындагы 4-голу болду. Жалпы 1-таймдын ичинде Кайрат Жыргалбек уулу "Дордойдун" эсебин 2ге көбөйтүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок андай абал менен колдоно алган жок. Оюндун 2-таймында "Дордой" катуу чабуул жасаганы менен эч майнап чыгара алган жок. Оюндун бүтөрүнө 10 мүнөт калганда "Алга" командасынын мыкты чабуулчусу аталган Ильдар Амиров өз командасы үчүн эсеп ачты.

Оюнда 1:1 эсеби катталды.

Ошентип "Дордой" 8 упай топтоп турнирдик жадыбалда 2-орунда турат. "Алга" командасы 4 упай менен 4-орунда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан