Араван районунда аялын ур-тепкиге алган жаран 1 жылга эркинен ажыратылды. Тиешелүү өкүмдү 13-апрель күнү Араван райондук соту чыгарган.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 8-февраль күнү Араван районунун Сырт айылында болгон. Анда 1982-жылы туулган А.У. аялы А. кызы Сны "эжем телефон чалса эмнеге албайсың?", "Тамак жасаганды билбейсиң" деп сабаган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жабырлануучунун баш мээси чайкалганы жана денесине жеңил жаракат келтирилгени аныкталган.
Ишти караган Араван райондук соту айыпталуучуну Кылмыш-жаза кодексинин 112-беренеси (саламаттыкка атайылап жеңил залал келтирүү) боюнча күнөөлүү деп таап, 1 жылга эркинен ажыраткан. Соттун өкүмүнө ылайык, соттолуучу жазасын жатак абагында өтөйт.