Ысык-Көл облусунда жездесине бычак сайган аял 6 жылга эркинен ажыратылды

Ысык-Көл облусунда жездесине бычак сайган аял 6 жылга эркинен ажыратылды. Тиешелүү өкүмдү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук соту 20-апрелде чыгарган.

Соттун өкүмүнө ылайык, айыпталуучу М.Ш. Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 жылга шарттуу эркинен ажыратылган.

Айта кетсек, окуя 2016-жылдын 18-декабрь күнү саат 21:00 чамасында Теплоключенка айылында болгон. Анда М.Ш. аттуу аял жездеси Ш.А. менен спирт ичимдигин ичип отурушуп, ортодо чыккан чырдан улам М.Ш. жездесин сол далысына ашкана бычагы менен сайып жиберген. Анын кесепетинен жабырлануучу денесинен оор жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bond02
2017-04-28 08:36:44
Балдызы деп жазылса керек.
0
almanbetperm
2017-04-28 09:40:18
Эми балдызы эмесда
0
guli-1980
2017-04-28 09:57:22
Тообо жездеси мн балдызы арак ичип.
+1
nurik11-29
2017-04-28 10:21:10
жездесинда кошуп камаш керек болчуу!!
+4
Aizena
2017-04-28 16:30:23
Ушундай болот да арактын кесепети
0
baltabai
2017-04-28 17:49:01
Яяя
0
Adilet2014
2017-04-28 22:03:45
Эээ кудай сакта.... Акыркы кундору жакшы жанылык укбай калдык го.... Жаратканым озун баарыбыздын журогубузго ыйман бере кор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан