Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Филипп Киркоровдун Бишкектеги концертинде "Creativ Gamma Media Group" ЖЧКсы тарабынан имаратты ижарага алынышы жөнүндө келишимди, андан түшкөн каражаттардын суммасы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу 28-апрелде Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, ырчынын концертинен түшкөн каражаттардын бир бөлүгү максатсыз пайдаланылды деген маалымат боюнча иликтөө жүргөн.
24-февралда Киркоровдун концертин өткөрүү үчүн Спорт Ордосунун ижарага алынышы, андан түшкөн каражаттар тийиштүү стандарттарга ылайык тескелгендиги текшерилет. Бул боюнча кайрылуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына жиберилген. Текшерүүлөрдүн соңунда укуктук баа берилери маалымдалды.