Каратэ спортунун шинкиокушинкай түрү боюнча Казакстандын Астана шаарында өткөн Азия ачык чемпиондугунда Кыргыз спортчулары 5 медаль жеңишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Бул чемпиондукка 10 өлкөдөн 700 спортчу катышкан. Кыргыз өлкөсүнүн атынан 14 спортчу катышып, 1 алтын жана 4 коло медаль тагынышты.
Алтын медалга ээ болгон Артем Носарев 60 килограммга чейинки салмак категориясында катышкан.
Жаш балдар арасында Нурмухамед Каниметов, Амантур Рыскулов, Умутбек Маматкиров жана Мунара Бейшенбетова коло медаль жеңип алышты.